Башкы
>
Жаңылыктар
“Издөө – 2024” машыгуусу өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда "Өз ара аракеттенүү - 2024" командалык-штабдык машыгуусу жүрүп жатат. Алар менен биргеликтечалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө – 2024” машыгуусу да өткөрүлүүдө. Ушул окуу-машыгуунун алкагында чалгындоочу топтор тапшырмаларды аткаруу аймактарына жөнөп кетишти.
Алардын негизги максаты куралдуу чыр-чатакты жок кылууда ЖККУнун ыкчам жооп кылуучу жамааттык күчтөрүн (ЫЖКЖК) колдонуу менен чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү болуп саналат.
Аба ырайынын татаалдыгына карабастан чалгынчылар машыгуунун жүрүшүндө издөөнү улантып, каршылаш тараптын түрдүү объектилерин жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн табуу, өз учурунда ЖККУнун ЫЖКЖКсына чалгындоодо алынган маалыматтарды баяндоо, ошондой эле жок кылуучу атууларды корректирлөөнү жана башка атайын иш чараларды жүргүзүү тапшырмасын аткарышы милдеттендирилген.
Чалгындоочу топтор машыгуунун жүрүшүндө ар кандай типтеги учкучсуз учуучу аппараттар, тепловизорлорду, байланыш каражаттарынын жаңы үлгүлөрүн активдүү колдонуп жатышат.
"Издөө-2024" атайын машыгуусунун темасы - ЖККУ ыкчам жооп кылуучу жамааттык күчтөрү куралдуу жаңжалды жок кылуу боюнча биргелешкен операциясынын жүрүшүндө чалгындоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү.
"Издөө-2024" атайын машыгуусунун жүрүшүндө чалгындоону башкаруунун биргелешкен пункту түзүлүп, төмөнкү максаттар алдына коюлган:
- комплекстүү чалгындоону жүргүзүүнү уюштуруу;
- чалгындоо органдарынын башка чалгындоо объектилерине багытталышы;
- байкоо, тыңшоо, издөө жана буктурма жүргүзүү жолу менен чалгындоо тапшырмаларын аткаруу;
- чалгындоо органдарынын согуштук жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү аймакка алардын кайтып келиши ж.б.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темировдун жетекчилиги алдында ЖККУнун ыкчам жооп кылуу Жамааттык күчтөрү менен "Өз ара аракеттенүү-2024" командалык-штабдык машыгуусу, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024" атайын машыгуусу, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2024"атайын машыгуусу өткөрүлүүдө.
Машыгууга Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын контингенттери катышууда.
Алардын арасында ички иштер органдарынын атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын жана ЖККУ катчылыгынын ыкчам топтору бар.
Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары жана 300гө чейин курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде авиация, ар кандай типтеги Учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн катерлер, ошондой эле абадан коргонуу каражаттары тартылган.
ФОТОГАЛЕРЕЯ