Башкы
>
Жаңылыктар
ИИМдин Академиясында "Нарктуу коом-улуттун жүзү" аталышындагы форуму болуп өттү
ИИМдин Академиясында "Нарктуу коом-улуттун жүзү" аталышындагы форуму болуп өттү
2024-жылдын 16-майында КР ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясында "Нарктуу коом - улуттун жүзү" аттуу жаштар арасындагы форум өтүп, ага Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев жана Аскер институтунун курсанттары катышты.
Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жана 2022-2027-жылдарга "Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө" улуттук программаны аткаруу максатында өтүп, форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин катчысы Сүйүнбек Касмамбетов чакырылып, КР ИИМнин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсанттары, ошондой эле ЖОЖ студенттери да катышты.
Иш-чарага келген коноктор кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин айкелине гүл-чамбар коюшуп, андан соң, окуу жайдын алдында Манас эпосунан үзүндүлөр айтылды.
Иш-чара чоң жыйындар залында улантылды.