Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

III Элдик Курултайдын алкагында Коргоо министрлиги делегаттарды кабыл алууда

20.12.2024
356

2024-жылдын 20-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында III Элдик курултай ишин баштады.

Кыргызстандын Элдик курултайы Президент – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен өтүп жатат жана бул үчүнчү курултай.

Курултайдын ишине аскердик ведомствонун башчысы генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов башында турган КР Коргоо министрлигинин жумушчу тобу катышууда. 

Жумушчу топтун курамына Коргоо министринен тышкары Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, ошондой эле Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирди. 

Курултайдын ишинин жүрүшүндө Курултайдын делегаттарына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан жеке жана жалпы маселелер боюнча кабыл алуу уюштурулду.

Курултайдын түздөн-түз иши учурунда делегаттардын убактысы аз болгондуктан, аскер жаатындагы  айрым актуалдуу маселелерди талкуулоого үлгүрбөй калышы мүмкүн болгондуктан, алар аскер ведомствосунун башчысына жолугушууга мүмкүнчүлүк алганы үчүн ыраазычылык билдиришти. 

Жолугушууда  Курултайдын делегаттары көтөргөн айрым маселелер боюнча генерал-лейтенант Б.Бекболотов  КР Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берди.