Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Генералдык штабда Афган согушунун интернационалист-жоокерлери эскерилди

25.12.2024
420

2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында советтик аскерлердин Афганистанга киргизилгендигинин 45 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул күнү Ооган жоокерлерин эскерүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери чогулушту.

КР КК Генералдык штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник К.М. Калматаев Ооган согушунун ардагерлерине аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн грамоталарды тапшырды. Ал ардагерлердин эрдиктери жаш муундарга үлгү болушу керектигин белгиледи.

Полковник К.М. Калматаев өз сөзүндө жаштарды патриоттук тарбиялоо боюнча аткарылган иштерге жогору баа берип, ардагерлерге жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо ишине ийгиликтерди каалады.