Башкы
>
Жаңылыктар
Генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси өттү
26.05.2025
273
2025-жылдын 26-майында Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси болуп өттү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы полковник Канагат Уразбеков, Аскер лицейинин башчысы полковник Калыйнур Кулманов, мураскерлердин ата - эенелери жана аскер лицейинин мурда бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрү катышып, мураскерлерди куттукташты.
Иш-чарада бүтүрүүчүлөр лицейдин туусу менен коштошуп, оркестрдин коштоосунда салтанаттуу саптык жүрүш менен өтүштү.
Мындан тышкары, окутуучуларга жана мыкты бүтүрүүчүлөргө ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.