Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Эркектер жана аялдар командалары арасында волейбол боюнча мелдеш өтүүдө

11.12.2024
333

Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын колдоосу астында Кожомкул атындагы спорт сарайында эркектер жана аялдар командалары арасында волейбол боюнча мелдеш өтүүдө.

Мелдеш 9-декабрдан 15-декабрга чейин өтүп, ага 16 эркек жана 10 аялдар командасы катышууда.

Бардык командалар төрт командадан турган кичи топторго бөлүнөт. Топчодогу эң мыкты эки команда Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн күрөштү улантат.

Коргоо министрлигинен армиянын спорт клубунун командасы катышууда.