Башкы
>
Жаңылыктар
Эл аралык аскердик кызматташтык боюнча жетекчилердин биринчи отуруму өтүүдө
2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы полковник Рустам Ормокоевдин жетекчилиги алдында эл аралык аскердик кызматташтык боюнча жетекчилердин биринчи отуруму өтүүдө.
Иш-чарага Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.
Отурумдун жүрүшүндө эл аралык аскердик кызматташтыкка жооптуу жетекчилер менен 2026-жылга карата ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин кызматташуу Планы каралууда.
Анын негизги багыттарынын бири - ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин алдыдагы Кеңешмесин уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.
Отурумдун жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан жыйындын Протоколуна кол коюлат.