Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

«Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун базасында «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды

20.09.2025
461

2025-жылдын 20-сентябрында Балкычы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун базасында Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен өтүп жаткан «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды.

Машыгуунун жабылуу аземине - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков, машыгууга катышкан өлкөлөрдүн аскер контингенттери, Балкычы гарнизонунун аскер кызматчылары, жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чаранын алкагында машыгуунун жыйынтыгы менен Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн  аскер кызматчыларын сыйлоо аземи өткөрүлүп, ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн салтанаттуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды