Башкы
>
Жаңылыктар
“Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча сабактар өткөрүлдү
Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө “Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча сабактар өткөрүлдү.
Сабактар Генералдык штабдын башкы тарбия иштери башкармалыгы жана Президенттин карамагындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү А. Мамбетов менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлеринин, Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын аймактык өкүлүнүн катышуусу менен диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, мекенди сүйүү жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө маселелери талкууланып, жоокерлердин суроолоруна жооп берилди.