Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Чет өлкөлүк жогорку аскердик окуу жайларында билим алып жаткан курсанттар Москва шаарында өткөн жогорку окуу жайлар арасындагы олимпиадада жеңишке жетишти

04.06.2025
151

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн чет өлкөлүк жогорку аскердик окуу жайларында билим алып жаткан курсанттары Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында өткөн жогорку окуу жайлар арасындагы олимпиадада жеңишке жетишти.

2025-жылдын 24-25-май күндөрү Кыргыз Республикасынын курсанттары А.Ф. Можайский атындагы Аскердик-космостук академиясында «Аскердик камсыздоонун айрым түрлөрү жана тактикалык медицина» боюнча олимпиадага катышышты.

Эки этаптын жыйынтыгында кыргызстандык курсанттар — Ж. Курманбаев, Т. Жолдошбек уулу, Б. Маматов, И. Сабатбеков, Ж. Нуркасымов жана С. Туратов — жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жана командалык ынтымакты көрсөтүшүп, мыкты жыйынтыктарга жетишишти.

Академия ичиндеги радициалык, химиялык жана биологиялык
коргоо боюнча (коопсуз чөйрө) конкурсунан  1-орун, ал эми жогорку аскердик окуу жайлар арасындагы жалпы мелдеште — 3-орунга ээ болушту.

Олимпиаданын жыйынтыгында атайын факультеттин башчысы полковник В. Мартынов курсанттарды активдүү катышуусу үчүн өзгөчө белгилеп, алардын кесипкөйлүгүн, жамаатчылдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун жогору баалады.