Башкы
>
Жаңылыктар
Чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга тапшырган курсанттардын Аскердик ант берүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга тапшырган курсанттардын Аскердик ант берүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Бул күнү 80ден ашуун курсант Коргоо министрлигинин жетекчилигинин, жакын туугандарынын жана досторунун катышуусунда Аскердик ант беришти.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы полковник Канагат Уразбеков жана курсанттардын ата-энелери курсанттарга чын жүрөктөн куттуктоо жана жылуу сөздөрү менен кайрылып, аскердик илимди өздөштүрүүдө ийгиликтерди жана туруктуулукту каалап кетишти.
Курсанттар Азербайджандын, Казакстандын, Кытайдын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын жогорку аскердик окуу жайларында билим алышмакчы.