Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

«Бузулбас боордоштук-2023»

21.09.2023
3991

Бүгүн, 2023-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов 20636 аскер бөлүгүнө ЖККУнун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусун өткөрүүгө объектилердин даярдыгын текшерүү максатында келди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө практикалык машыгууларды өткөрүү жайлары, биргелешкен башкаруу пункттарды жайгаштыруу, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингеттеринин жайгашуу жана тамактануу жайлары жана ошондой эле окуу-материалдык база текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Коргоо министри коюлган тапшырмаларды тактап, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана машыгуу аймагын даярдоону мындар ары жакшыртуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтмөкчү.