Башкы
>
Жаңылыктар
«Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Беларусь Республикасынын аскердик контингенти келди
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Беларусь Республикасынын Жаматтык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингентинин келиши менен биргелешкен машыгуу өтө турган жерге аскерлерди жайгаштыруу аяктады.
Беларусь Республикасынын аскердик контингенти Баранович шаарынан «Кант» аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келип, андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге марш жасады. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды машыгуунун жетекчилиги тарабынан салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Эске салсак, 9-13-октябрда Кыргыз Республикасынын аймагында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө-мамлекеттер: Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.
Аталган биргелешен машыгууга ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын оперативдүү тобу катышат.