Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Бишкекте волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын биринчи туру аяктады: «СКА МО КР» командасы ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөттү

17.02.2025
3430

Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын эркектер арасында клубдук командалардын чемпионатынын биринчи туру аяктады.

Чемпионатта Коргоо министрлигинин командасы да катышып, биздин аскер кызматчыларынын оюндары жалпы ийгиликтүү деп таанылды. Кыргызстандын эң күчтүү 8 клубунун арасынан биздин команда 5 жеңишке жетип, 16-9 эсеп менен 12 упай топтоп, биринчи турда 2-орунду ээледи.

"СКА МО КР" командасынын оюнчусу ефрейтор Асылбек уулу Нурдоолот биринчи турдун эң мыкты оюнчусу деп табылды.

Чемпионат үч турдан турат, андыктан биздин спортчуларга турнирдик таблицада жогору көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз биринчи орундан эки гана упайга артта калдык.

Кийинки турларда биздин волейболчуларга жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!