Башкы
>
Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү
2024-жылдын 9-май күнү Бишкек шаарынын Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Улуу Жеңишке арналган митинг-реквиемге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Шакиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С. Касманбетов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б. Бекболотов, Бишкек мэриясынын жетекчилиги, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, Бишкек гарнизонунун жоокерлери, мектеп окуучулары, өсүп келе жаткан муун, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбордун коноктору катышты.
Митинг-реквием өчпөс отко гүлчамбар коюу, бир мүнөттүк тыныгуу жана Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.
Митинг-реквиемдин катышуучуларынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Шакиев жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С. Касманбетов чыгып сүйлөштү.
Митинг-реквием Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.
Борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн курал-жарактардын жана аскердик техниканын көргөзмөсү, ошондой эле "Солдат боткосу" уюштурулду.
Андан соң Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган майрамдык концерт болду.