Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Бишкек шаарындагы "Баткен жоокерлери" монументине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү

26.10.2024
361

2024-жылдын 26-октябрында 1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүмдөрдү жоюу боюнча аскердик милдетин аткарууда курман болгондорго арналган Бишкек шаарындагы "Баткен жоокерлери" монументине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары, Баткен жоокерлеринин Республикалык кеңешинин, Республикалык Баткен жоокерлери комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары катышышты.

Эскерүү иш-чарасы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында митинг-реквием менен уланды. Митингдин катышуучулары баатырларды бир мүнөт унчукпай эскеришип, курман болгондордун элесине үч жолу ок атылды.