Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Бишкек гарнизонунун башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаевдин жетекчилиги астында жыл жыйынтыгы чыгарылды

24.12.2024
264

2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын базасында  Бишкек гарнизонунун башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаевдин жетекчилиги астында аскерлердин укук тартибин, аскердик тартипти сактоо, ошондой эле Бишкек гарнизонунун кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде аскерлер кызматынын жана аскердик кызматтын коопсуздугун уюштуруунун 2024-окуу жылы үчүн жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынтыгында Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин Ички аскерлеринин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвой коштоп жүрүү кызматынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командирлери жана Бишкек гарнизонунун райондук аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2024-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди, ошондой эле аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлеринин көңүлү бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын комплексин даярдоо жана өткөрүү боюнча милдеттер коюлду.

Иш-чара кызматында ийгилик жараткан Бишкек гарнизонунун аскер кызматчыларын сыйлоо менен аяктады.

Жылдын жыйынтыгы боюнча КР КК УГ 10126 аскер бөлүгү гарнизондун мыкты аскердик бөлүгү, ал эми Свердлов райондук Аскер комиссариаты - мыкты аскер комиссариаты деп табылды.