Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык "Коопсуздук-2024" машыгуусунун практикалык (үчүнчү) этабы аяктады

25.04.2024
3303

Бүгүн, 2024-жылдын 25-апрелинде Талас, Ош жана Баткен облустарынын аймагында КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдары жана башка аскердик түзүмдөр, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ошондой эле КР министрликтери жана ведомстволору менен айрым бир калктуу жерлерде (райондо) "Атайын операцияны киргизүү, аскердик абал режимин сактоо боюнча биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык "Коопсуздук-2024" машыгуусунун практикалык (үчүнчү) этабы аяктады.

Үчүнчү этаптын жүрүшүндө окуу-машыгуу аймагындагы киргизилген аскердик абал режимин сактоо боюнча республикабыздын министрликтеринин жана ведомстволорунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын практикалык иш-аракеттери көрсөтүлдү, Резервдик түзүлүштөрдүн өздүк курамынын стратегиялык обьектилерди кайтаруу жана коргоо боюнча практика жүзүндөгү аткарган иштери, Кара-Суу районунун жана Кызыл-Кыя, Талас шаарларынын аймактарында ИИМ бөлүкчөлөрүнүн жана Резервдик түзүлүштөрдүн блок-посттордогу, кайгуулдагы кызмат өтөөсү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары менен химиялык залал келтирилген зоналарды аныктоо жана локализациялоо, жаратылыш катастрофаларынын кесепетин жоюу иштери практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык "Коопсуздук-2024" машыгуусунун үчүнчү (тыянактоочу) этабынын аяктаары менен окуу-машыгууну расмий жабуу салтанаты өткөрүлдү.

Командалык-штабдык мобилизациялык "Коопсуздук-2024" машыгуусунун тыянактоочу этабына арналган митингге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, ички иштер министрлигинин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урманбетов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов жана КР КК Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров катышышты.

Митингди ачып жатып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары - окуу-машыгуунун жетекчиси полковник Артур Темиров машыгууга катышкан аскердик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын окуу-машыгууга болгон даярдыгын жогору баалады. Ал өз сөзүндө "... Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары түрдүү даражадагы күжүрмөн согуштук даярдыкка келтирүү жана түрдүү шарттарда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу, аскердик абал киргизүү жана территориялык коргонууну уюштуруу боюнча өз карамагындагы тутумдарды башкара билүү көндүмдөрүн мыкты өздөштүрүштү, ал эми өздүк курам министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен аракеттеринин жүрүшүндө бөлүктөрдү жана бөлүкчөлөрдү айкалыштырууда жогорку талаалык көндүмдөрдү көрсөтө алышты",-деп баса белгиледи.

Салтанаттуу митинг машыгууда артыкчылык көрсөткөн катышуучуларды ведомстволук медаль, грамоталар менен сыйлоо, аскердик бөлүкчөлөрдүн жана аскердик резервдик түзүлүштөрдүн саптык жүрүшү жана андан ары туруктуу жайгаштырылган жерлерине жөнөп кетүүсү менен аяктады.