Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Баткен шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун катышуусунда “Нооруз” майрамы белгиленди

21.03.2024
388

2024-жылдын 21-мартында Баткен шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун катышуусунда “Нооруз” майрамы белгиленди.

Иш-чарага Баткен облусунунун губернатору генерал Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар коноктору жана шаар тургундары катышты. 

Майрамдык иш-чарада сүмөлөк ачуу жана тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

 Эскерте кетсек, Коргоо министри 2024-жылдын 19-мартынан тарта Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында иш-сапары менен болуп,  анда аскер шаарчаларынын курулуштарынын жүрүшү, күжүрмөн даярдыктын абалы менен таанышып, өздүк курамды Нооруз майрамы менен куттуктаган.