Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

09.05.2025
222

2025-жылдын 9-майында Баткен шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Баткен гарнизонунун аскерлеринин катышуусунда согушта курман болгондордун эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды.

Андан соң, салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап, борбордук стадионго чейин уланды. Стадиондо иш-чаранын расмий бөлүгү өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана Баткен гарнизонунун башчысы полковник Акылбек Ахмедшарипов сөз сүйлөп, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында келген конокторго тактикалык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, салтка айланган "Жоокер боткосу" уюштурулуп, катышуучуларга сый-тамак берилди.