Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү

26.10.2023
4096

2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз улуттук аскер лицейинде Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

 Бул күнү Кыргызстанда 1999-2000-жылдары эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондор эскерилет.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, аскер лицейдин окутуучулары, мураскерлер жана Баткен окуясынын катышуучулары катышты.

Эскерүү иш-чарасында Баткен окуясында курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен экерип, документалдуу фильм көрсөтүлдү.