Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча маалыматтык иш-чара

04.06.2025
111

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын өздүк курамы  2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатындагы улуттук иш-аракеттер Планынын алкагында уюштурулган маалыматтык иш-чарага катышты.


"Аялдарга карата зомбулукту жоюу" темасындагы иш-чараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өткөрүштү. 
Анын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарын коргоо боюнча мыйзамдык негиздер, жоопкерчилик чаралары, ошондой эле балдардын катышуусу менен укук бузууларды алдын алуу боюнча сунуштар тууралуу кеңири маалымат берилди.