Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Авиакырсыктан жабыркаган аскер кызматчылар Туркиянын Адана шаарында дарыланат

04.02.2024
1573

Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысы С. Жапаровдун тапшырмасы менен авиакырсыктан жабыркаган эки аскер кызматчы Туркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканасына дарылануу үчүн жеткирилди.

Аталган аскер кызматчыларды жана ТЭЦте болгон кырсыктан улам жабыркаган эки адамды Президенттик учакта  жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барды. 

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө.