Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган аскер кызматчыларынын ден соолугунун абалы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин такай көзөмөлүндө турат

18.01.2024
3202

Авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган аскер кызматчыларынын ден соолугунун абалы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин такай көзөмөлүндө турат.

Бүгүн, 18-январда КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Улуттук госпиталда жана клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланып жаткан аскер кызматчылары менен жолукту.

Коргоо министри аскер кызматчыларына, ошондой эле алардын туугандарына жана жакындарына Коргоо министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте бардык керектүү дары-дармектер жана медикаменттер менен камсыз кылууда колдон келген жардамды көрсөтүп жатканын жана алардын тез арада сакайышы үчүн колдон келгендин баары жасалаарын билдирди. 

Генерал-лейтенант Б.Бекболотов Мекенди коргоочуларыбызга ар дайым камкордук көрүп жаткан медициналык мекемелердин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Кечээ(17-январь) кечинде республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан аскер кызматчыларынын ден соолугу жана дарылануусу менен Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев таанышкан. 

Жабыркаган бардык аскер кызматчылар өз убагында квалификациялуу медициналык жардам алышууда. 

Аскер кызматчыларын дарылоо процессин комплекстүү камсыздоо боюнча пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн медициналык мекемелердин кызматкерлеринен тышкары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер дарыгерлеринин мобилдик топтору стационарларда туруктуу негизде нөөмөттө турушат.