Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Авиа кырсыгынан курман болгон капитан Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

19.01.2024
3758

2024-жылдын 19-январында Бишкек шаарында,  авиакырсыгынан курман болгон капитан Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Капитан Жайыл Самудинов менен коштошуу зыйнаты митинг-реквием өткөрүү менен башталды, ага Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчилиги, башкаруу органдарынын башчылары, капитан Ж.Самудиновдун куралдаштары, ошондой эле туугандары жана жакындары катышты.

Өзүнүн сөзүндө Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы-КР Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов " ... капитан Жайыл Самудинов чыныгы офицер катары өзүнүн элесин калтырды. Биздин эсибизде ал аскердик милдетин акыркы демине чейин аткарган, чыныгы баатыр бойдон кала берет..."

Капитан Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. 2001-2010 - жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы №73 орто мектебинде жана Сокулук районундагы Орок айылында окуган. Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы заманбап маалыматтык технологиялар институтунда билим алган. 2013-жылы Россия Федерациясынын Сызрань шаарындагы Аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-илимий борборунун филиалына тапшырып, аны 2018-жылы ийгиликтүү аяктаган. Жогорку аскердик окуу жайын аяктагандан кийин Куралдуу Күчтөрдүн катарында ар кандай командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.