Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Атайын багыттагы аскер бөлүгүндө жашыл берет кийүү укугуна ээ болуу үчүн сынак өттү

26.03.2024
3187

2024-жылдын 26-мартында КР КМ атайын багыттагы  аскер бөлүгүндө жашыл берет кийүү укугуна ээ болуу үчүн сынак болуп өттү. 
Жашыл берет-атайын багыттагы күчтөрдүн элитасына таандык экендигинин белгиси. 
Бүгүн жашыл берет кийүү үчүн 52806 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары физикалык даярдыгын жана психикалык туруктуулугун сыноодон өткөрүштү.
Жашыл беретке күч сыноо үчүн аскер кызматчысы 1 жыл ичинде дисциплинардык жаза албай кызмат өтөгөн, кылдат медициналык жана психологиялык тандоодон өткөн,  теориялык сабактардан тесттерди тапшыргандан кийин гана катыша алат. 
Сыноолордун практикалык бөлүгүнө аскерлер татаалдаштырылган 10 километрге марш жасап, анын жүрүшүндө аскер кызматчысы байланыш, тактикалык, ок атуу жана инженердик даярдык, радиациялык – химиялык-биологиялык коргоо боюнча ар кандай ченемдерди аткарышты. 
Марш жасоодон кийин аскер кызматкерлери үчүн бир катар кошумча сыноолор даярдалып, жашыл береттин ээлери менен 2 мүнөттөн 3 раунд беттеш өткөрүштү. Бул сыноонун негизги милдети-эрктүүлүктү, согуштук сапаттарды, кол менен күрөшүү көндүмдөрүн, туруктуулукту текшерүү болуп саналат.
Сынактын жыйынтыгы 2024-жылдын 30-мартында аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүндө чыгарылып, жашыл берет салтанатуу кийгизилет.