Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды

23.10.2023
3410

2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган.

Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген.

Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган.

Кечээ жакында эле Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөру аталган тик учагыбыз толук ремонттолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти.

Мунун баары, албетте, Өзбекстандын Президенти, урматтуу Шавкат Мирзиёевдин колдоосу жана көзөмөлү астында болду. Буга байланыштуу, Шавкат Миромоновичке терең ыраазычылыгымды билдирем.

Ошентип, Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды.


КР Президенти - КК Башкы колбашчысы Садыр Жапаров