Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Аскердик техникалардын көргөзмөсү уюштурулду

19.12.2024
505

2024-жылдын 19-декабрында III Элдик курултайдын делегаттарынын назарына Коргоо министрлигине республикалык бюджеттен сатылып алынган аскердик техникалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөдө Балыкчы шаарында чыгарылып жаткан ГАЗ 66БМ унаасы, байланыш каражаттары жана күжүрмөн техникалар көрсөтүлдү.

Жети дубандан келген делегаттар техникалар менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышып, Кыргызстандын аскердик коопсуздугу, аймактык бүтүндүгү коопсуз экендигине ишеним артышты.