Башкы
>
Жаңылыктар
Аскердик парадга катыша турган техникалар Токмок шаарынан Бишкек шаарына жеткирилет
30.04.2025
172
2025-жылдын 8-майында 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрү менен биргеликте өтө турган аскердик парадга даярдыктар Токмок шаарында өтүп жатканын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.
Аскердик парадга 120дан ашык аскердик техникалар катышат жана бул техникаларды Токмок шаарынан Бишкек шаарына көчүрүү пландалууда.
Коргоо министрлиги жарандардан бул иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылууну, аскердик жана атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоону, Коргоо министрлигинин кызыкдар органдары менен макулдашуусуз видео жана фото тартпоону жана социалдык тармактарда түшүндүрмөсүз жарыялабоону суранат.