Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

“Аскердик кызматка даяр бол” мелдеши өткөрүлдү

01.04.2025
101

2025-жылдын 31-мартында Балыкчы шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы автомектеп 20636 аскер бөлүгү менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүчү “Аскердик кызматка даяр бол” аттуу мелдешин өткөрдү.

Бул иш-чара 1975-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп, жаштарды аскердик кызматка даярдоо боюнча маанилүү салтка айланган.

Мелдештин ачылышына К.Үсөнбеков атындагы автомектептин жетекчиси Аскарбек Кыдыралиев, Балыкчы шаарынын Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Каныбек Малабаев, Баткен согушунун ардагерлери, Балыкчы шаардык кесиптик лицейинин жетекчилиги жана башка коноктор катышты.

Иш-чара 20636 аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин курал менен саптык ыкмаларды көрсөтүүсү менен башталып, мелдештин жүрүшүндө окуучулар аскердик даярдык, саптык жүрүш, курал колдонуу көндүмдөрү жана физикалык күч талап кылынган тапшырмаларды аткарышты.

Ар бир катышуучу өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.