Башкы
>
Жаңылыктар
Аскердик авиация күнү жана Баткен окуяларынын аяктагандыгынын 25 жылдыгы белгиленди
2024-жылдын 28-октябрында КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда аскердик авиация күнүн жана Баткен окуяларынын аяктагандыгынын 25 жылдыгын белгилешти.
Иш-чарада мыкты авиаторлор сыйланып, грамоталар тапшырылды.
КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысынын орун басары полковник Айбек Буржуев өзүнүн куттуктоосунда өлкөнүн 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө алардын кызмат өтөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
23565 аскер бөлүгүнүн командири подполковник Данияр Давитахунов өздүк курамды куттуктап, жаш учкучтарга ийгиликтерди каалады.
Иш-чара КР КК Борбордук армия үйүнүн жана Сейтек борборунун чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы менен аяктады.