Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Аскер лицейинде КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушуу болуп өттү

16.05.2024
1089

2024-жылдын 15-майында Аскер лицейинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана Аскер лицейинин тарбиялануучулары менен жолугушуп,  “мыкты билим, тарбия жана кесипкөйлүүлүк – мекен коопсуздугунун өбөлгөсү” аталышындагы лекциясын өттү.

Иш-чарага КР Коргоо министринин орун басарлары генерал-майор Р. Мукамбетов, генерал-майор Э.Тердикбаев катышып, анда балдарга билим берүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда КР КК Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары  генерал-майор Руслан Мукамбетов Гапыр Мадаминовго баалуу лекциясы үчун ыраазычылыгын билдирип, баалуу белектерин тапшырып жатып Куралдуу Күчтөрдө илим тармагын өнүктүрүү ишинде алдыда да кызматашууну сунуштады.