Башкы
>
Жаңылыктар
Аскер кызматчылары үчүн турак жай курулушу башталды
05.08.2025
188
2025-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунда аскер кызматчылары үчүн кызматтык турак жайдын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Бишкек гарнизонунун өздүк курамы катышты.
Аталган турак жай заманбап стандарттарга ылайык курулуп, бардык керектүү шарттар менен камсыздалмакчы.
Курулуш иштери 2026-жылы аяктап, пайдаланууга берилет.