Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Аскер кызматчылардын колдоосу: Эл аралык айымдар күнү менен мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктү кубандырышты

06.03.2024
3065

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 35524 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары мүмкүнчүлүгү чектелген Ахматова Жасминге “8-март айымдардын эл аралык майрамы” менен куттуктап, коляска жана башка белектерин тапшырып, бөбөктү кубандырышты.

Белекти тапшырып жатып, Коргоо министрлигинин 35524 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы мындан ары дагы Жасминге кам көрүү иштерин улантаарын билдирди.

Ахматова Жасмин 11 жашта, Жети-Таш айылында турат.

Төрөлгөндө эле тубаса 2-группадагы майыптуулугу аныкталган.

Ахматова Жасминдин ата-энеси майрамга карата чоң белек болгондугун айтып, аскер кызматчыларына ыраазычылк билдирди.