Башкы
>
Жаңылыктар
Аскер институтунун бүтүрүүчү лейтенанттарынын бүтүрүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү
2024-жылдын 22-июнунда Жеңиш аянтында Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун бүтүрүүчү лейтенанттарынын бүтүрүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чара Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин бүтүрүүчүлөргө офицердик "лейтенант" наамын ыйгаруу жөнүндө буйругу окулду.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрилис Тердикбаев лейтенанттар Салморбеков Ырыскелди жана Жылдызбеков Эрланга артыкчылык дипломун тапшырды.
Андан соң генерал-майор Э.Тердикбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин атынан КР КК АИ бүтүрүүчүлөрүн жана профессордук-окутуучулук курамын куттуктап, Мекенди коргоонун Ыйык парзында жаңы ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, иш-чарада КР КК ардагерлери, КР КК АИ бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сөз сүйлөштү.
Иш-чарада офицердик вальсты аткарылып, анда эки жаш офицер колуктуларына үйлөнүү сунушун киргизишти.
Иш-чара жаш офицерлердин саптык жүрүшү менен аяктады.
Квалификациялуу офицерлердин жаңы тобу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүн жана кошуундарынын катарын толуктайт.