Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Алматы шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 85-жыйыны болуп өттү

31.10.2025
50

2025-жылдын 31-октябрында Алматы шаарында Көз карандысыз  Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 85-жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан республикаларынын Коргоо министрлери, ошондой эле КМШ Коргоо министрлер кеңешинин катчысы катышты.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов жетектеди.

Жыйындын алкагында катышуучулар  28-гвардиячы-панфиловчулар атындагы сейил бактагы «Мәңгілік алау» мемориалына гүл чамбарды коюушуп, Аскердик-тарыхый музейдин экспозициялары менен танышты.

Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки аскердик кызматташтык концепциясын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле,  армиялардын күжүрмөн жөндөмүн чыңдоо, аскер кызматчыларын даярдоо, радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы өз ара тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары,  жоокерлердин эрдигин даңазалоо жана аскер-патриоттук тарбия иштеринин мааниси өзгөчө белгиленди.

Жыйынтыгында коргоо министрлери Кеңештин 2026-жылга карата иш планына жана мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.