Башкы
>
Жаңылыктар
Афган согушунда курман болгондордун жаркын элесин эскерүү иш-чарасы болуп өттү
2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Советтик Армиянын чектелген контингентинин Афганистан Республикасынын аймагынан чыгарылгандыгына 35 жылдыгына карата Афганистандагы согушта курман болгондордун жаркын элесин эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын жетекчилиги, запастагы ардагерлер генерал-полковник А.Чотбаев, гвардиянын полковниги Ч.Дакинов, гвардиянын старшинасы Э.Ункуев жана 10126 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары катышышты.
Иш-чарада Афган согуштун ардагерлери басып өткөн жолдорун эскеришип, ал согуш тууралуу документалдуу тасмасы көрсөтүлдү.
Соңунда ардагерлерге жана өздүк курамга ооганчылардын “Караван” тобу тарабынан даярдалган чакан майрамдык концерт тартууланды.