Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 18 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

26.07.2024
1418

2024-жылдын 26-июлунда Аскер институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 18 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

Иш-чарага КР КК Генералдык штабынын башчысы-КР Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы полковник Талантбек Талипов,  Биринчи май РИИБ өкүлдөрү жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчылары катышышты.

Өз сөзүндө генерал-майор Руслан Мухамбетов Абадан коргонуу күчтөрүнүн бардык аскер кызматкерлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук, өлкөбүзгө кызмат кылууда жаңы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен аяктады.