Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгү Аскердик авиация күнүн жана анын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгын белгиледи

17.08.2024
837

2024-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгү Аскердик авиация күнүн жана анын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгын белгиледи.


Бул күнгө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Артур Темиров, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы, 23565 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынын ардагерлери, аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышты.


Салтанаттуу жыйында сөз сүйлөп, Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын жетекчилигинин атынан полковник А.Темиров Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоодо 23565 аскер бөлүгүнүн, жалпысынан Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн өзгөчө ролун белгиледи. 


Салтанаттуу жыйын 23565 аскер бөлүгүнүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына Коргоо министрлигинин жетекчилигинин, ошондой эле Абадан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысынын атынан ведомстволук медалдарды, грамоталарды жана баалуу белектерди тапшыруу жана майрамдык концерт менен аяктады.


Андан соң өздүк курам, чакырылган коноктор бөлүктүн аймагына барышып, авиациялык техниканын үлгүлөрүн көрүшүп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн музейинин архивдик композициялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, Ми-8 МТВ жана Ми-17ВМ тик учактарынынын көрсөтмө учууларына күбө болушту.