Башкы
>
Жаңылыктар
"Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү өттү
Тажик Республикасынын "Харбмайдон" палигонунда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү өттү.
Иш-чарада кыргыз улуттук оюндары - "Ордо" жана "Тогузкоргоол" көрсөтүлдү.
Ошондой эле, кыргыз элинин улуттук тамактары, анын ичинде Кыргызстандан алынып келген балдардын түрлөрү жана эт тартууланып, улуттук кийимдер, музыкалык аспатар көрсөтүлдү.
Эске салсак, Харбмайдон полигонундагы "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусуна Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын аскердик контингенттери, Бириккен штабдын жана ЖККУ Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда. Машыгууга 1500гө жакын аскер кызматчылары жана 250 ашык аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде самолеттор, тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар катышат.