Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

"Эшелон-2024" машыгуусунун жүрүшүндө материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрү тоо шартында иш алып барышты

10.09.2024
561


2024-жылдын 10-сентябрында 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын окуу-машыгуу талаасында материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү жана каражаттары менен “Эшелон-2024” атайын машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. 


ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн контингенттери биргелешкен операциянын жүрүшүндө материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерине өзгөчө көңүл бурулган.


Машыгуу өтүп жаткан полигондо - жолдо тамактануу, өздүк курамды жылытуу, техникага май куюу, техникалык жардам пункттары жана техникалык жардам пункту жайгаштырылган.


Полигондо мобилдүү госпиталь жайгаштырылган, анын курамына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары кирген, алар жарадарларга, оорулууларга жана жабыр тарткандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө арналган. Анын курамында хирургиялык комплекс, рентгенологиялык комплекс, диагностикалык лаборатория, реанимобиль, дезинфекциялык жай жана дарыкана бар.   


Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктиктеги тоо даярдыгы боюнча адистерди окутууга арналган "Эдельвейс" тоо окуу борборунда уланып, материалдык-техникалык каражаттарды ташуу жана жеткирүү аба, автомобиль жана жүк ташуучу транспортторду пайдалануу менен айкалышкан ыкмада ишке ашырылды.


Кошуундар үчүн жүктү жеткирүүнү уюштуруу ооруктун өзүнчө базасынын күчтөрү жана каражаттары менен жүктү белгиленген райондо парашют ыкмасы менен таштоо үчүн авиациялык транспортко жүктөө иштелип чыккан. 
Аба транспорту катары КР КК Ан-26 аскердик-транспорттук учагы колдонулуп, аны белгиленген аймакка жеткирүү үчүн  жүк ташуучу колонна жөнөтүлдү.


Тоолуу шарттарда жүктөрдү андан ары ташуу жана жеткирүү үчүн топоздор, эшектер жана аттар жүк ташуучу жаныбарлар катары колдонулган.


Полковник Айбек Дайыркул уулунун жетекчилиги астында өткөрүлүп, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү жана каражаттары менен өтүп жаткан  "Эшелон-2024" машыгуусунун жүрүшүндө ооруктук башкаруу пункту, бузулган машиналарды чогултуу пункту, эвакуациялоо топторунун аракеттери, аскердик техниканы оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруу, ошондой эле ар тараптуу медициналык камсыздоо маселелери иштелип чыкты.