Башкы
>
Жаңылыктар
"Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусунун жабылыш аземи болду
Бүгүн, 2023-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.
Машыгуунун салтанаттуу жабылышында өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б. Бекболотов машыгуунун бардык катышуучуларына жогорку аскердик чеберчилиги жана кесипкөйлүгү, тырышчаактыгы жана толук берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, « ...жыл сайын өтүүчү машыгууларда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн иштешинин жана пайдалануунун актуалдуу маселелерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин мамлекеттердин аскер кызматчылары талаа даярдыгын дагы бир жолу бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн бир топ жогорулатышты. Машыгуунун жыйынтыгы бирдиктүү жамааттык коопсуздук системасын курууга кошумча салым кошот жана Уюмдун жоопкерчилик чөйрөлөрүндө туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет деп ишенем...” – деп белгиледи.
Андан ары Коргоо министри өз көңүлүн «...Биздин машыгуунун негизги өзгөчөлүгү кургактыктагы аракеттерден тышкары Ысык-Көлдө иш жүзүндө иштелип чыккан Россия Федерациясынын Аскер-деңиз флотунун сыноочу базасы менен биргелешкен аракеттерди жүргүзүү маселеси болду.– «Борбор Азиянын бермети» көгүлтүр Ысык-Көл биринчи жолу күжүрмөн даярдыктын тапшырмаларын аткарууга тартылды» деп бурду.
Сөзүнүн аягында Кыргызстандын коргоо ведомствосунун башчысы машыгуунун катышуучуларына ак жол каалап, мекенине, туугандарына жана жакындарына аман-эсен кайтып баруусун, ошондой эле аскердик чеберчиликти жогорулатууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөргөн «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларын сыйлоо, аскердик контингенттердин салтанаттуу маршы жана эстелик катары бирге сүрөткө түшүү менен аяктады.
Жалпысынан машыгууга Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн улуттук контингенттери катышты. Машыгууга жалпысынан 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200гө жакын бирдик авиация, бронетехника, аскердик транспорт, истребителдик жана армиялык учактар, деңиз кемелери жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.