Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

"Бузулбас боордоштук - 2023" машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү

13.10.2023
4781

2023-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. 

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрүнүн аракеттерине Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Тажикстан Республикасынын Коргоо министри Шерали Мирзо, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов,
Беларусь Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары- Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Виктор Гулевич, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров, ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык региондук уюмдардын өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор байкоо салышты. 

Машыгуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү тарабынан Тынчтыкты сактоо боюнча операцияны даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыкты.

"Бузулбас боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусун өткөрүүнүн максаттары: тынчтыкты сактоо операциясын уюштурууда, ЖККУнун биргелешкен тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн өздүк курамын башкаруу боюнча командирлердин тажрыйба алуусу, биргелешкен аракеттердин жүрүшүндө тынчтыкты сактоо контингенттеринин өздүк курамынын талаа машыгууларын өркүндөтүү, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле тынчтыкты сактоо операциясынын жүрүшүндө коюлган милдеттерди аткарууда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин күжүрмөн даярдыгын андан ары өркүндөтүү.

Практикалык иш-аракеттердин жүрүшүндө бир нече тактикалык эпизоддор иштелип чыкты. Транспорттук-авиация каражаттары менен аскердик контингенттерди белгиленген райондорго которуу, колонналарды түзүү жана автомобилдик жана бронетанкалык техникада жүрүш жасоо, кайтарууну уюштуруу, кыймылдын каттамын чалгындоо, өз алдынча жасалган жардыргыч түзүлүштөрдү минадан тазалоо, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү тосуу жана жок кылуу, маанилүү мамлекеттик жана аскердик объекттерди кайтаруу боюнча милдеттерди аткаруу.

Машыгуунун алкагында көзөмөл-өткөрүү пункттарында (блокпосттордо), транспорт каражаттарын кароо тартибинде, качкындарга биринчи жардам көрсөтүү, колонналарды гуманитардык жардам менен коштоо, инфраструктуранын маанилүү объектилерин кайтаруу, калктуу конушту тосуу жана текшерүү, имаратка кол салуу, гуманитардык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү кызмат өтөө боюнча практикалык иш-чаралар да өткөрүлдү. 

Машыгууга Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн жалпы саны 1500гө жакын аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык авиациялык, бронетанкалык, аскердик авиация, деңиз кемелери жана учкучсуз учуучу аппараттар катышты.