Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

"2024-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоонун негизги милдеттери" темасында брифинги болуп өттү

15.02.2024
3235

2024-жылдын 14-февралында ЖККУнун бириккен штабында ЖККУнун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюковдун "2024-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоонун негизги милдеттери" темасында брифинги болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен брифингге (видеоконференцбайланыш режиминде) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров катышты. Брифингдин жүрүшүндө уюмдун 2024-жылга карата аскердик кызматташтыгы, Жамааттык коопсуздук системасындагы күчтөрдү жана каражаттарды даярдоонун жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

"Быйылкы жылы биргелешкен даярдыктын негизги иш-чараларынын катарында сентябрь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрү менен "Өз ара аракеттешүү-2024" командалык-штабдык машыгуусу, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024" атайын машыгуусу, ЖККУ аскерлерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон - 2024" атайын машыгуулары өткөрүү каралууда", - деп билдирди А.Сердюков брифингде.

Тажикстан Республикасынын аймагында Борбор Азия чөлкөмүндөгү Жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы менен оперативдик жыйын жана "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусун өткөрүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен командалык-штабдык "Бузулбас боордоштук-2024" машыгуу пландаштырылган - деп кошумчалады ал.

Брифингде А.Сердюков машыгуунун Активдүү фазаларында ЖККУга мүчө болбогон башка мамлекеттердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары катышуусу каралып жатканын билдирди.