Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 73809 аскер бөлүгү өзүнүн түзүлгөн күнүн белгиледи

18.03.2025
711

Бүгүн, 18-мартта 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 73809 аскер бөлүгү өзүнүн түзүлгөн күнүн белгиледи.

 

Бөлүктүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара салт болуп калгандай, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында баатырдык менен курман болгон аскер кызматчыларынын эстелигине гүл коюу менен башталды.

 

Андан соң бөлүктүн түзүлгөн күнүнө карата митинг болуп, аскер кызматчыларын сыйлоо жөнүндө Коргоо министринин буйругу жеткирилди.

 

Митинг бөлүктүн өздүк курамынын салтанаттуу өтүшү менен аяктады.

 

Ошондой эле бөлүктүн материалдык-техникалык базасынын жана курал-жарактарынын көргөзмөсү уюштурулуп, Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти тартууланды.

 

73809 аскер бөлүгү мындан бир кылым мурда, тагыраагы 1918 - жылы 18 мартта түзүлгөн. Бир кылымдан ашык тарыхында бөлүктүн аскер кызматчылары жарандык согушта, Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда өчпөс даңкка ээ болушту. Аскер бөлүктүн мыкты жоокерлери Афганистанда интернационалдык милдетин ар-намыс менен аткарышып, кадыр-баркка ээ болушту.

 

Аскер бөлүктүн жоокерлери 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандиттик түзүлүштөр менен күрөшүүнүн катаал жылдарында Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин аймактык бүтүндүгүн коргоо менен өзгөчө эрдик көрсөтүштү.

 

Бул даңктуу мотоаткычтар бригадасынын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аскер кызматчылары үчүн өзүнүн аскердик милдетин ак ниет аткаруунун үлгүсү болуп эсептелет.