Башкы
>
Жаңылыктар
73809 аскер бөлүгүнүн аскер шаарчасындагы жаңы объекттердин ачылыш аземи болуп өттү
2024-жылы 28-декабрында 73809 аскер бөлүгүнүн аскер шаарчасынын аймагында социалдык-маданий багыттагы жаңы объекттердин ачылыш аземи болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов обьектинин кызыл лентасын кесип жатып, 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жашоо шарттарын жакшыртууда жаңы доордун башталышын белгиледи.
Коргоо ведомствосунун жетекчиси генерал-лейтенант Б. Бекболотов "... аскер кызматчыларынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аскер бөлүктөрдөгү аскер шаарчаларынын инфраструктурасын жакшыртуу - Коргоо министрлигинин ишмердүүлүгүнүн приоритети болуп келген. Мындан ары бул иш күчөй берет...",- деди өз сөзүндө.
Иш-чарага "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын" директору Мухаммад Мады, Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Ар-Ради катышты.
Аскер шаарчасында 420 чарчы метр бала бакча, 120 чарчы метр маданий борбор, балдар ойноочу аянтчалар жана башка бир катар социалдык объектилер курулган.
Бул күн бул аскер бөлүктүн жашоосунда өзгөчө күн болуп калды. Бир кылымдан ашык даңктуу тарыхы бар бул атактуу гвардиялык бөлүктө эч качан бала-бакча болгон эмес.
Бул объекттер аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап шарттарын түзүү жана алардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн.
Эскерте кетсек, аталган объектилерге капсула 2023-жылдын октябрь айында салынган.