Башкы
>
Жаңылыктар
73809 аскер бөлүгүндө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү
09.05.2025
20
2025-жылдын 9-майында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 73809 аскер бөлүгү бир катар иш-чараларды уюштурулду.
Бул күндүн алкагында, Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багында өткөн иш-чара 73809 аскер бөлүктүн өздүк курамынын катышуусунда өттү.
Мындан тышкары, Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында согуш ардагери, II даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин ээси жана "Германияны жеңгендиги үчүн" медалынын кавалери Джумашев Аспек атаны жана Эсенбүбү апаны Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттукташты.
Ошондой эле, Ысык-Ата райондук айыл өкмөтүнүн аймагындагы согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, мектеп окуучуларына атайын уюштурулган "солдат кашасы" тартууланды.