Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

73809 аскер бөлүгү жаш жоокерлер менен толукталды

18.04.2025
165

2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 73809 аскер бөлүгү Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан чакырылган жаш жоокерлер менен толукталды.

Аскер бөлүктүн командачылыгы жана өздүк курамы жаш жоокерлерди салтка айлангандай боорсок менен жылуу тосуп алышты. 

Чакырылган жоокерлер алгач бир айлык жаш жоокерлердин курсунан өтүшөт. Аталган курстун алкагында алар аскер кызматчысынын милдеттери, аскердик күн тартиби, жалпы аскердик устав, аскердик техника жана курал-жарактар менен таанышып, саптык даярдык боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Окутуу курсун ийгиликтүү аяктагандан кийин жаш жоокерлер аскердик ант беришип, Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызматын улантышат.