Башкы
>
Жаңылыктар
52806 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнү белгиленди
2025-жылдын 31-мартында Токмок шаарынын маданият үйүндө 52806 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнү белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо министрлигинин жетекчилиги, бөлүктүн мурдагы командирлери жана ардагерлери, Токмок шаарынын мэри жана шаардык мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, мектеп окуучулары, аскер кызматчыларынын туугандары жана жакындары катышты.
Салтанаттуу жыйынды 52806 аскер бөлүгүнүн командири полковник Куштар Бакалчиев ачты.
Иш-чарада Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов бөлүктүн өздүк курамын куттуктап, алардын Мекен үчүн кылып жаткан кызматына ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, "Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн мурдагы командирлери Кыргызстандын атайын күчтөрүнүн элитасына таандык жашыл береттерди тапшырды.
Ошондой эле, кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына Коргоо министринин, бөлүктүн командиринин жана Токмок шаарынын мэриясынын грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.
Иш-чара Коргоо министрлигинин Армиянын Борбордук үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен аяктады.