Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

36806 аскер бөлүгүндө 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

26.10.2024
462

2024-жылдын 26-октябрында Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын 36806 аскер бөлүгүндө 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондор эскерилди.

Эскерүү иш-чарасы Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында уланып, иш-чарага Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын, Ош шаарынын мэрясынын өкүлдөрү жана Баткен жана Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Баткен окуясында мекен алдындагы ыйык милдетин аткарууда каза болгон аскерлер эскерилип, алардын эстелигине гүл чамбарлар коюлду.